Азиз Аалиев: «Жарандарды каттоо жана документтештирүүнү бир топ жөнөкөйлөтүү зарыл»

«Жарандарды каттоо жана документтештирүүнү бир топ жөнөкөйлөтүү зарыл». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын жыйынтыгы жана ушул жылга милдеттери боюнча коллегиялык жыйынында айтты.

Анын айтымында, министрлик тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай жаткан бир катар олуттуу маселелер бар.

«Сиздерден биринчи кезекте санариптик секирик жасоо күтүлүүдө. Сиздер экономикалык чечимдердин провайдерлери катары саналасыздар. Андыктан быйыл өлкөнү санариптештирүү иштерин күчтөндүрүү зарыл. Жарандарды каттоо жана документтештирүү маселелерин бир топ жөнөкөйлөтүү зарыл. Буга чейин токтом кабыл алынган, ага ылайык айыл өкмөттөрүндө жарандарга документтештирүү боюнча кызмат көрсөтүлөт. Мындан тышкары, ар кандай маалымдама түрлөрүн талап кылууну четтетүү боюнча олуттуу иштерди жүргүзүү маанилүү, мамлекеттик органдардагы бизнес-процесстер электрондук форматка өтүшү керек», — деди ал.