Байсаловдун Жогорку Кеңешке келүүсү, кечирим суроосу айрым депутаттардын ачуусун келтирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңешке келүүсү, кечирим суроосу айрым депутаттардын ачуусун келтирди.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков «Байсалов бул жакка эмне үчүн келди? Эсиңиздерде болсо, июнь айында Жогорку Кеңештин төрагасы бул киши боюнча жетекчилик менен жолугуп, маселе чечилди деп айткан болчу. Эки жарым ай өттү, маселе чечилбей турат. Байсалов Жогорку Кеңешти «театр, цирк» деген. Министрликке сунуштамаларды бул киши бербесин» деди.

Андан ары Эдил Байсалов трибунага чыгып: «Эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү айтып алганым үчүн кечирим сурайм», — деди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда ал Эдил Байсалов кечирим сурай турганын жана бул акыркы эскертүү болорун айтканын депутаттарга жеткирди. «Кечиримдүү жана сабырдуу бололу», — деди парламенттин спикери.

Кийин айрым депутаттар микрофонго чыгып, Эдил Байсаловдун кечирим сураганына терс пикирин билдиришти.