Бакировдун ордуна келген Рысбаев “Мекенчил” депутаттык тобуна кошулду

«Мекенчил» депутаттык тобуна Равшан Рысбаев кошулганын 15-сентябрда депутаттык топтун лидери Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Рысбаев 30-августта депутаттык мандат алып, 6-сентябрда ант берген. Ал Өмүрбек Бакировдун ордуна 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу боюнча соттук териштирүүлөрдөн кийин келген. Бакиров “Элдик” депутаттык тобунун мүчөсү болгон.