Бактыбек Аманбаев: «Аймактардагы өкмөттүн өкүлдөрү жетектеген облустун өнүгүүсүнө кызыкдар болушу керек»

Аймактардагы өкмөттүн өкүлдөрү жетектеген облустун өнүгүүсүнө кызыкдар болушу керек. Бул туурасында өкмөттүк аппараттын жетекчиси Бактыбек Аманбаев билдирди.

«Мурда облустардагы жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилген, алардын аткарылышы тийиштүү түрдө көзөмөлгө алынбай жатат. Бирок бул анын бардыгы унутта калды дегенге жатпайт. Ар бир региондун өзгөчөлүгүн жана жаратылыш ресурстарын эске алуу менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн комплекстүү программасы болушу зарыл», — деди ал.

Аманбаев облустун ар бир жетекчисине эки жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү аткаруусун тапшырды:
— аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча планды иштеп чыгуу;
— ички жана тышкы инвесторлор менен өз-ара пайдалуу долбоорлорду иштеп чыгуу;
— айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча борборлорду ачуу планын иштеп чыгуу.