Бактыбек Калмаматов: «Көз көрүнөө эле шайлоочулардын тең жарымынын добушун кыркып койду»

Шайлоочулар кызыкдар болуп үйдөн көрүп отурушса, көз көрүнөө эле шайлоочулардын тең жарымын кыркып койду. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып, «Азаттык» партиясынан депутаттыкка талапкер Бактыбек Калмаматов билдирди.

«Биринчи автоматташтырылган урнанын жыйынтыгы боюнча бул реалдуураак. Анткени эшиктеги саясий абалды, элдин бийликке болгон нааразычылыгын эске ала турган болсок, чындап эле оппозициялык партиялардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болчу. Ага карабастан, бийликтин негизги делген 3-4 партиясы алдыга озуп чыкты. Бирок элдин тандоосу менен 10 партия кирди. 10 партиянын тең жарымы оппозиция болчу. Кыркканда кандай болду?! Алардын бетин ача турган 4 партия кыркылып калды», — деди ал.