«Бала 1 жашка чыкканда алат». Садыр Жапаров «Бала Береке» төлөмү жөнүндө жарлыкка кол койду

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы, барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда кол койду.

Калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды ар тараптан өнүктүрүү максатында 2026-жылдын 1-январынан тартып төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку “Бала Береке” төлөмү белгиленет.

1) 4-балага – 100 000 (жүз миң) сом;

2) 5-балага – 600 000 (алты жүз миң) сом;

3) 6-балага – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;

4) 7-балага – 1 000 000 (бир миллион) сом;

5) 8-балага – 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом;

6) 9-балага – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;

7) Онунчу жана андан кийинки балага – 2 000 000 (эки миллион) сом.

Буйрукта көрсөтүлгөндөй, “Бала Береке” төлөмү бала бир жашка чыкканда төлөнөт жана аны дайындоодо райондук коэффициент колдонулбайт. Ошондой эле өлкө башчысы Министрлер кабинетине 6 айдын ичинде “Бала Береке” төлөмүн каржылоо булактарын табууну тапшырышты.