Балбак Түлөбаев: «Жакын арада башкы прокурор менен УКМКнын төрагасынын тирешин көрөсүңөр»

«Жакын арада башкы прокурор менен УКМКнын төрагасынын тирешин көрөсүңөр», — деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев.

«УКМК жарандарды тыңшасын деген мыйзамга башкы прокурор каршы чыкты. Эми өзүбүздүн коллегабыз Адахан Мадумаровду шашылыш түрдө берген жатабыз. Талант Мымытов, сиз да куугунтук көргөнсүз. Исхак Масалиев да куугунтук көргөн. Ажобуз да, Камчыбек Ташиев да жаткан. Биз сабак алабызбы же жокпу?» — деди ал.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратура Жогорку Кеңештен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранганы маалым болду.