Түлөбаев Украинадагы кырдаал боюнча: «Орусия менен Кыргызстандын байланышы өтө көп. Ушул убакта эмне кыла алабыз?»

Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алганы маалым болду. Мындай чечим украиналык кризис боюнча Кыргызстандын позициясынан улам экендиги айтылды.

SUPERTV каналы буга байланыштуу «Украинада соңку бир аптадан бери болуп жаткан окуяларга карата Кыргыз бийлигинин позициясы кандай болушу керек деп эсептейсиз? Орусияны колдошу керекпи же Украинаныбы? Же эки жакты тең колдобогон, карманган позицияда болушу шартпы?» деген суроо менен депутаттардын позициясын билүүнү туура көрдүк.

Депутат Балбак Түлөбаев биринчиден согуш болбошу керектигин айтты. «Мен согушка такыр каршымын. Батыраак тынчып, жай жарандар өлбөшү керек. Кыргызстан Орусия менен стратегиялык өнөктөш. Эки өлкө тең тарыхый жактан жакын өлкөлөр. Орусия менен биздин өтө көп байланыш бар. Биз Кыргызстан ушул убакта эмне кыла алабыз? Бир гана ниет согуш бүтсө экен», — деди ал.