Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын Өзбекстанга өтүшү боюнча үн катты (видео)

Депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын Өзбекстанга өтүшү боюнча үн катты.

«Убагында Казакстан, Өзбекстан, Орусия Кыргызстанга пансионат курушкан. Кандайдыр бир себептер менен 10 жыл мурун Өзбекстандын 4 пансионатын Кыргызстан алып алган. Өзбекстан сотко кайрылып, сот доого жыкты. Бул чечим акыркы. Азыркы өкмөт «Доодон баш тарткыла, мына 49 жылга берип жатабыз. Иштеткиле» деп жатат. Ал 4 пансионаттын экөө жакшы болсо, экөө мышык ыйлай турган абалда. Кээ бир саясий серепчилердин айтымында, анклав болот имиш. Кандайча андай болот? Биз да Орусияга салганбыз, биз анклав кылып алдыкпы? Жок, жер Орусияныкы, үстү эле биздики болуп иштетип жатабыз. Бизде деле ошондой имараттар бар экен да. Кошуналар менен болгон мамилени өнүктүрүүгө да жардам берет», — деди ал.

Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет. Кеп «Дилором», «Золотые пески», «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары жөнүндө. “Рохат” — “Алтын жай”, “Дилором” — “Эне-Сай”, “Золотые пески” — “Бостери” деп өзгөргөн. Ал эми «Бустон» пансионатынын аты ошол бойдон калган. Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, анда Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга ижарага берилишине байланыштуу суроого жооп берген.