«Балдардын билими төмөндөп кетти». Садыр Жапаров мугалимдердин айлыгын эмне себептен көтөргөнүн айтты

Мугалим – мөмөлүү дарак деп бекер айтылбайт. Ошондуктан, биринчи кезекте мугалимдердин жашоо турмушуна көңүл буралы дедик. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров мугалимдердин айлыгынын көтөрүлүшү боюнча комментарий берип жатып билдирди.

«Акыркы убактарда балдарыбыздын билим деңгээли абдан төмөндөп кетти. Мугалимдерибизге жакшы шарттарды түзүп берсек, алар талыкпастан иштеп, балдарыбызга мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде билим беришээр деген үмүт. Ал эми калган тармактарга 1-октябрдан тартып көтөрөбүз. Кыскасы бул жылы эмгек акыбыз аз деген теманы жаап, эмдиги жылдан баштап бир гана экономиканы көтөрүү, элдин жыргал жашоосун камсыз кылуу менен алек бололу деген планыбыз бар», — деди ал.