«Башка өлкөлөрдөй жарыктын баасы 25 сомго чейин болсо, үнөмдөшмөк». Садыр Жапаров электр энергиясы жана тариф тууралуу

2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгалы деп турабыз. Бул тууралуу Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмесинде билдирди.

«Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Казакстан менен Өзбекстан да келишимге ылайык берип жатышат. 2010-жылдан бери коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясы импорттолуп келет экен. Буга чейин 5 сомдон алып, элге 77 тыйындан берип келишкен. Ортодогу айырма элдин эсебинен тагыраагы, казынадан кеткен чыгым болуп эсептелген. Мен мындай кыянатчылыкка жол берген жокмун. Учурда 2 сомдун тегерегинде алып жатабыз. Менин тапшырмам менен энергетика министри элден «күндүз жарыкты өчүргүлө, үнөмдөгүлө, Токтогулдагы суубузду сактап калалы» деп суранды. Ал сууну негизи сугатка пайдаланбайбыз. Коңшу мамлекеттер пайдаланат. Биз электр энергия алуу үчүн пайдаланабыз», — деди ал.

Ал мындан тышкары, энергияны сарамжалдуу пайдаланбаган жарандар тууралуу сөз кылды. «Электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланбай, кайдыгер мамиле кылып жаткан жарандар тууралуу сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй же Европа өлкөлөрүндөй жарыктын баасы 5 сомдон 25 сомго чейин болсо, албетте үнөмдөмөк. Күндүз жарыктар күйүп турат», — деди ал.