Башкы прокурор депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен макулдук сурады

Башкы прокурор Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранды. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев 27-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.

Депутаттар башкы прокурордун сунушу менен комиссия түзүшөт.