Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушту

Бүгүн, 16-июнда Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жолугушуу Баткен районунун Исфара району менен чектешкен аймагында өтүп, анда эки облустун башчылары баштаган район акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Бул жолугушууда 1 жумалык чек арадагы айылдардагы кырдаал такталып, сүйлөшүү жүрдү.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында чек аралаш жайгашкан айылдарда, эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чагымчыл маалыматтарды таратпоо, чек арада жаралган бардык маселер боюнча ыкчам түрдө тиешелүү кызматтар жолугушуп, ыкчам түрдө иш-аракеттерин жүргүзүү жана чек арадагы айылдарда элдин коопсуздугу жана жашоо-шартына шарттарды түзүү маселери каралды.

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев: “Чек ара маселесинде этияттык менен иш-аракет жүргүзүү керек. Массалык маалымат каражаттарында жана блогерлердин бир тараптуу жалган маалымат таратып күнөөлөп жаткандыгы боюнча көзөмөлгө алып, андай чагымчыл маалыматтарды токтотуу керек”, — деди. Ошондой эле Тажикстандын Согди облусунунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода сөз сүйлөп, “Биз бири-бирибизге ишеним көрсөтүү менен иш-аракет жүргүзүүнү жандантуубуз керек” деп кошумчалады. Андан сырткары ушундай эле эки тараптуу жолугушуу ушул айдын соңку күндөрүнө пландаштырылды.