Баткендин райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Абдирашит Ташбалтаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Алмазбек Рахманкулов Лейлек районунун акими, Учкунбек Жоробаев Баткен районунун акими, Кутпидин Шакиров Кадамжай районунун акими кызматына дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына Абдикарим Алимбаев дайындалганы маалым болгон. Ал эми мурунку өкүл Өмүрбек Суваналиев кечээ, 4-майда кызматтан кеткенин билдирген.