Баткенге барган президент эмнелерди айтты? Садыр Жапаровдун сөзү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Ошол эле маалда мамлекет башчысынын катышуусу менен онлайн форматта аталган аймакта бир катар социалдык объектилердин ачылышы болуп өттү.

Садыр Жапаров бул жакшы саамалыктар — Бусурманкул Ходжаев атындагы мектептин жана башка бир топ социалдык объектилердин ачылыштары менен куттуктады. Ал “Кыргызстан Баткенден башталат, Баткен өнүксө, өлкөбүз өнүгөт” деген ураан астында мамлекет жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыты катары кабыл алып, бир топ иштерди жасоого бел байлаганын баса белгиледи.

“Мен Баткен жергесинде кичинекей бир ийгилик болсо дагы кубанам. Бүгүн мына толугу менен жаңыдан курулган эки айылдын ачылышын жасап жатабыз. Каргашалуу окуялардан кийин калыбына келтирүү иш-чараларынын алкагында Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, кыйраган, жараксыз абалга келген тамдардын ордуна заманбап шарты менен жаңы үйлөр курулуп, ээлерине тапшырылды.  Бүгүн биз эки айылдан сырткары, жалпы Баткен облусу боюнча 30дай социалдык объектинин ачылышын жасаганы турабыз», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы анын ичинде сегиз мектеп, төрт балдар бакчасы, төрт ФАП, бир жалпы дарыгерлер борбору, УКМК Башкармалыгынын имараты, бир спорт зал, бир музей, он бир скважина, эки тигүү цехи, бир ирригациялык обьект жана бир курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачылып, пайдаланууга берилип жатканын айтты.

Бүгүнкү күндө Лейлек жана Баткен районунун чек арадагы айылдары калыбына келтирилди. Жарактан чыккан 417 үйдү өз мөөнөтүндө, сапаттуу кылып, бардык шарттары менен жаңыдан куруп, жабыркаган жарандарыбызды жаңы үйлөрүнө киргиздик. Мында бир эле турак үйлөр эмес, бир топ социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, административдик имараттар жана электр линиялары да жарактан чыккан болчу”, — деди өлкө башчысы.

Ал Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджет эсебинен жылына 500 миллион сом акча каражатын бөлүү каралганын айтып өттү. Учурда 500 миллион сом Баткен облусунун эсебине толук которулуп берилди. Буга чейин 62 айыл чек арада өзгөчө статуска ээ болгон болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 92ге жетти. Өзгөчө статус алган айылдын тургундарына 2022-жылдын 1-мартынан тартып, жөлөк пул алуучулардын үй-бүлөсүндөгү ар бир балага 1000 сомдон кошумча төлөм төлөнө баштады. Чек арада туруктуу жашагандардын пенсиясына 2000 сомдон кошулду. Саламаттыкты сактоо, ички иштер, салык тармактарында бир катар кызмат көрсөтүүлөр жеңилдеди. Президент чек ара окуяларында жабыркаган жарандардын үйлөрүн куруу менен бардык өрттөлгөн жана капиталдык ремонтко муктаж турак жай ээлерине 200 000 сомдон акча каражаты толук төлөнүп берилгенин белгиледи. Ал эми кезектеги ремонтко муктаж 124 үй ээсине даражасына жараша 100 миң сомго чейин компенсациялар төлөндү. Окуяда унаасы же мал жандыктары жоголуп, же өрттөлүп материалдык зыян тарткан жалпы 678 жаранга 135 миллион 554 миң сом акчалай компенсация төлөнүп берилди. Жабыркаган 210 жеке ишкерге 300 000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлүп, жалпы 63 миллион сом бөлүндү, 208 ишкерге 197 млн 500 миң сом акча каражаты жеңилдетилген насыя катары которулуп берилди.

Садыр Жапаров 2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусунда 48,8 чакырым жолду асфальттаганга үлгүргөндүгүн айта кетти. 38,6 чакырым жаңы жол салынды. Жол куруу жана тейлөө үчүн 20 атайын техника берилди. Президент социалдык маанидеги объекттердин курулушу боюнча 2023-жылдын титулдук тизмесиндеги 46 объектиге 427 миллион сом акча каражаты каралганын белгиледи. Анын ичинде 32 мектеп, 2 саламаттыкты сактоо мекемеси, 2 маданият мекемеси жана 6 таза суу менен камсыздоо объектилери бар. Ал 4 жеке турак үйдүн капиталдык ремонту каралганын да кошумчалады. Ушул жылы 21 объект тапшырууга пландалган болсо, алардын дээрлик көпчүлүгүнүн ачылышы бүгүн болот.

Ошондой эле аймакта бир катар аскер объектилери салынып, пайдаланууга берилди. Айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлор ишке аша баштады. Суу чарба тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына Баткен облусу боюнча 8 чоң долбоор киргизилип, бүгүнкү күндө 3 долбоор ишке ашырылды жана 1 долбоор дагы ишке ашырылып жатат. Жалпы республикалык бюджеттен Баткендин ирригация тармагына 1 миллиард 444 миллион сом акча каражаты жумшалды. Дүйнөлүк Банк менен жетишилген макулдашууларга ылайык, Баткен облусуна 50 миллион доллар каржылоо каралган.