Баяке уулу Болоткан Кадамжай районунун акими болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Баяке уулу Болоткан Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Буга чейин Кутпидин Шакиров Кадамжай районунун акими кызматынан бошотулган болчу.