«Беларусь президентине ыраазычылык». Садыр Жапаров бүгүн Таласка тик учак менен барды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров Таласка тик учак менен барганын жазып, ошону менен бирге Беларусь президентине ыраазычылык билдирди. «2016-жылы Орусия тарабынан Кыргызстанга МИ-8МТВ-1 тик учагы берилген экен. Албетте, Орусиянын мындай белегине ыраазычылык билдирилип, тик учак өлкөнүн ар кандай муктаждыгында пайдаланылат. Бирок аталган тик учак туура бир жылдан кийин, 2017-жылы бузулуп, ошол бойдон ушу кезге чейин ар кандай себептер менен оңдолбой туруп калат.

Биз жаңы тик учактарды алгандан сырткары, колдо барларын оңдоп-түзөп, мамлекеттин муктаждыгына колдонууга аракет кылып келебиз. Ошол жарактан чыгып, 6 жылдан бери пайдаланылбай туруп калган тик учакты дагы адистерге көрсөтүп, ремонттосо боло тургандыгын аныктагандан кийин, Беларусь лидеринин көмөгү астында адистери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, МИ-8МТВ-1 тик учагыбызды ал жактан толук бойдон капиталдык ремонттон өткөрүп келдик.

Ошентип, тик учактарыбыздын саны дагы бирге көбөйдү. Буга байланыштуу, мен Беларустун президенти Александр Лукашенкого өтүнүчүбүздү дароо кабыл алып, канааттандыргандыгы үчүн терең ыраазычылыгымды билдире кетейин.

Биздин тик учагыбыздын сапаттуу жасалышын президент Лукашенко өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматкерлерге катуу табыштаганын айткан эле. Чындыгында эле беларустук адистер ремонт иштерин абдан сапаттуу жасаптыр. Бүгүнкү Талас облусуна болгон иш сапарыма дал ушул тик учак менен барып келдим. Биздин адистер ремонт мыкты болуптур деп баасын беришти. Беларусь лидери кесиптешиме дагы бир жолу ыраазычылык айтам. Кудай буюрса, бул тик учагыбыз дагы өлкөбүздүн кызыкчылыгына көп-көп кызмат кылат деп ишенем», — деп жазды ал.