«Бензин да, жол чырак да кызыл күйөт». Депутат желектин өңү өзгөрүшү мүмкүн экенин айтты

«Келечекте желектин өңү да өзгөрүшү мүмкүн». Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

«Мени айтты дейсиңер, келечекте желектин өңү да өзгөрүшү мүмкүн. Бензин да, жол чырак да кызыл күйөт. Кызыл — кандын түсү. Бул өң көптөргө жага бербейт”, — деди Коргонбай уулу.

Туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков кызыл бийликти, кубаттуулукту, жеңишти, салтанатты кубаттаган түс экенин айтты. Мындай өңдөгү желекти колдонгон көп өлкөлөр өнүгүп жатканын белгилеп, Кытайды мисал келтирди.