Бензин кымбаттабасын деп, 2 миллиард сом бөлүнгөн. УКМК акчанын чоо-жайын иликтөөдө

«2022-жылы 2023-жылга карата бензин жана солярканы арзан баада алып келүү үчүн бюджеттен нефтрейдерлерге 2 миллиард сом бөлүнгөн Азыр күйүүчү май кымбаттап жатат. Эмне болду?». Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңеште билдирди.

Эсептөө палатасы аталган акчаны максаттуу иштете албагандыгын аныктап, жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарына кайрылган. Учурда УКМК бул каражаттын чоо-жайы боюнча иликтеп, укуктук баа бере турганы маалым болду.