Бийликти күч менен алмаштырууга негиз барбы? Садыр Жапаров бийликке келем дегендерге кайрылды

Бүгүнкү күндө бийликти күч менен алмаштырууга эч негиз жок. Биз андайга негиз да бербейбиз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде билдирди.

«Мурда эмне үчүн бийлик алмашчу эле? Бийлик башындагылар өздөрү баш болуп ууруларга, криминалдарга кошулуп алышчу. Клан-клан, жердеш-жердешчилик болуп, мамлекетти жакындарына башкартып, экономикабызды уурдап, сазга батырып, шайлоолорду адилетсиз өткөрүп, элди ирээнжитип, чыдамын түгөтүшчү. Мына ошол үчүн революциялар болуп турган. Биз андайга жол бербейбиз. Шайлоолорду адилеттүү, так, таза өткөрүп турууга эркибиз жетет. Бизде башка өлкөлөрдөгүдөй бюллетенди илгеркидей кол менен санамай жок. Жасоого да мүмкүн эмес. Мурдакыдай биринин бюллетенин экинчисине кошуп, кимдир бирөөнүн добушун көбөйтүп санап коюу мүмкүн эмес. Шайлоо бүтөрү менен жарым сааттын ичинде кимдер өткөнүн автоматташтырылган шайлоо системасы чыгарып коет. Андан кийин бюллетендерди байкоочулардын катышуусунда кол менен да санап чыгышат.

Башкаруу системасына болсо жакындарыбызды аралаштырган жокпуз. Экономикабыздын кандай өсүп жатканын өз көзүңүздөр менен көрүп атасыздар.

Дагы эмне керек? Кимде ким баш аламандык уюштурам деген максатта эл топтой турган болсо, жообу катуу болот. Көп эл топтоп алып анан жанагыдай артынан атып же жардыруу кылып карапайым элдин арасынан бирөө жарымдын жабыр тарттырбай алдын алып, андай арам ойлуу лидерлердин сазайын колуна беребиз. Биз мурдакылардай аларды “эркелетип” олтурбайбыз. Биз үчүн мамлекеттин жана карапайым элдин коопсуздугу биринчи орунда турат.

Ал эми бийликке келгиси келгендерге мыйзам чегинде шайлоо жолу менен бийликке келе бергиле демекчимин», — деди ал.