«Бир жумадан бери таппай жүрөм». Депутат Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисин кызматтан алууну сунуштады

Парламентте аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбековду кызматтан алуу сунушталды. Бул тууралуу депутат Алайбек Алымбаев билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси бир жумадан бери жок.

«Мен дагы бир маселе менен кайрылайын дегем. Парламенттин аппарат жетекчисин бир жумадан бери таппай жатам. Мендеги маалыматтар боюнча ал бир талапкерге жардам берип жүрөт. Башка мамлекетке барып келгени тууралуу маалыматтар бар. Ушул маселени карап берсеңиз. Азыр сиз төрайымдын милдетин аткаруучусуз. Болбосо кызматтан алыңыз. Мыкты ишин билген кишилер бар», — деди ал.

Ал эми Аида Касымалиева бул маселе териштирилерин айтты.