«Бир жыл өттү – эсепке алуу да, көзөмөл да жок». Жапаров Кутманованы суу стратегиясынын долбоору үчүн сындады

Кечээ, 18-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү.

«Климаттын өзгөрүшү жана дүйнө калкынын өсүшү менен байланышкан глобалдык чакырыктар суу ресурстарын башкаруу боюнча чукул чараларды көрүүнү талап кылууда. Дал ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясынын долбоорун сунуштады. «Биздин дарыялардын дээрлик бардыгынын энергетикалык потенциалы жогору. Бирок мыйзамдардын жеткиликтүү иштелип чыкпагандыгына жана квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу да бир катар көйгөйлөр бар», — деди министр.

Министрлер кабинетинин төрагасы сунушталып жаткан стратегияны сынга алып, документте өлкөнүн суу ресурстарынын келечегине, атап айтканда, алардын жеткиликтүүлүгүнүн балансына комплекстүү баа берилбегендигин, суу ресурстарын башкаруунун артыкчылыктуу багыттары боюнча, өзгөчө гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөр жаатында сунуштар жок экендигин белгиледи.

«Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин түзүүдөн мурун, республиканын бардык жаратылыш ресурстарын көзөмөлдөө жана эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча так милдет коюлган. Бир жыл өттү – эсепке алуу да, көзөмөл да жок. Иш-аракеттердин деталдуу планы керек, аракеттериңизди конкреттештириңиз. Стратегияны Айыл чарба министрлиги менен биргеликте толуктап иштеп чыгыңыздар», — деп тапшырма берди Акылбек Жапаров.