Бир катар депутаттар тууну өзгөртүүнү колдой турганын ачык айтышты

Кечээ, 20-декабрда тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору боюнча добуш берүү болуп жатканда, депутат Гүлкан Молдобекова шайлоочулар менен жолугушууда болуп калган. Бул тууралуу ал өзү Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Ошондой эле депутат Азамат Исраилов «Мен кечээ мыйзам долбоору каралып жатканда, катыша албай калдым. Мен колдойм» деди. 

Депутат Арсланбек Малиев кечээ тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кароого катышпай калганын билдирди. «Мен добуш берген жокмун. Мен жалпысынан өзгөртүүнү колдойм, бирок көк желекти колдойм. Мен көк кылам», — деди.

Депутат Данияр Төлөнов үчүнчү окууда добуш берүү учурунда компьютер иштебей калганын белгиледи. «Мен мыйзам долбоорун толук колдойм», — деп кошумчалады ал.