Бир нече президенттикке талапкерлердин катышуусунда маалымат жыйын болуп өттү

Президенттикке талапкерлигин койгондор Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова, Садык Шер-Нияз жана башкалардын катышуусунда маалымат жыйын болуп өттү.
Анда Сооронкулова “президенттик шайлоо кезектеги ыплас жана адилетсиз үгүт кампаниясына айланышы ыктымал” деди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров мыйзамды бузуу аркылуу административдик ресурсту колдонуп, үгүт чакырыктары менен аймактарды кыдырды. Сооронкулова ырайым алып абактан бошотулган 200дөн ашуун адамдын тизмесин ачыкка чыгарууну да талап кылды.

Садык Шер-Нияз Садыр Жапаровдун кечээ чыккан маеги тууралуу сөз козгоп, анын оппоненттерине карата айткан сөзүн куугунтукка алуу катары кабыл алууга мүмкүн экенин айтты.

Каныбек Иманалиевге келсек, ал Жапаровдун Дене тарбия институтун да аяктабаганын билдирди.

Равшан Жээнбековдун айтымында, эгерде үгүт кампаниясы мыйзам бузуулар менен өтсө, анда нааразычылык акциялары болот.