Бишкек мэри: «Бүгүнкү күндөн тартып массалык түрдө элге кызыл китептерин берүүнү баштагыла”

Бүгүн, 25-октябрда жыйында мэр Эмилбек Абдыкадыров президенттин “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Бишкек шаарынын аймагында буга чейин мыйзамсыз делинип келген, бирок ошол жер тилкесинде жашап жана ээлик кылып жаткан бардык жарандардын жер тилкелерин тезинен мыйзамдаштырылып, алар жер укугуна ээ болуулары керектигин баса белгиледи. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

«Бул багыттагы иштер «карап жатабыз» деген куру сөз менен созулуп кетип жатат. Эгер башкы план шылтоо болуп, анда башка жолдорун карай турган болсок анда мунапыстын деле кереги жок эле. Мунапыс, мына ошол элдин мыйзамдуу жер укугуна ээ болуусу үчүн чыгарылып жатат. Салынган үйлөрдү буза албайбыз. Башкы планга шылтабай, кандай болсо ошондой жолу менен карап туруп, элди кыйнабай маселени чечип, кызыл китептерин берип, анан башкы планды бир жылбы, эки жылбы жасай берсек болбойбу?» — деди мэр.

Калаа башчысынын сунушун президентик администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев дагы колдоого алаарын билдирди. “Амнистия мыйзамынын чыгарылышынын максаты дал ошол мыйзамсыз делген жерлерди мыйзамдаштырууга багытталганын баарыбыз түшүнүүбүз керек. Ошонун негизинде чечимдерди кабыл алышыбыз зарыл. Ар бир маселени талкуулап отура берсек ишибиз бүтпөйт. Бул жерде ар бириңердин оюңарды, сунушуңарды бергиле деген жок, мыйзамдаштырып бергиле деп жатат”, — деди ал.

Мыйзамсыз делинген жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча чыгарылган мунапыстын аткарылышы кечеңдеп жатканына кайдыгер мамилени токтотууну, жоокерчилик алуудан коркпой, бирдей чечимге келип мыйзамдын аткарылышын тездетүү керектиги сөз болду. “Жоопкерчилик алуудан коркуп жатсаңар, анда жоопкерчилик ала турган жетекчилерди табабыз. Ушул күндөн баштап массалык түрдө элге кызыл китептерин берүүнү баштагыла”, – деди мэр.