Бишкек мэринин жаңы орун басары дайындалды

Байгазиев Талайбек Аскарович Бишкек шаарынын отун-энергетикалык комплекси маселелери боюнча мэрдин орун басары болуп дайындалды.
Ошону менен бирге ал Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 «Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 303 токтомунун негизинде түзүлгөн Бишкек шаарынын мэриясынын отун-энергетикалык комплекс департаментин жетектейт.
Дайындоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында түзүлгөн муниципалдык кадрдык резервден ишке ашырылды.
Буга чейин ал энергетика министринин орун басары болуп иштеген.