Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүдөн коргоо долбоорунун 85 пайызы аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек-Ош унаа жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ал автожолду кар көчкүдөн коргоо долбоорунун курулушун көрдү. Кышкысын коопсуз өтүү үчүн галереянын узундугу 460 метрди, туурасы 7 метрди түзөт.  Жалпы курулуш иштеринин 85 пайызы бүткөн жана ушул жылдын аягына чейин толук бүтүрүү пландалууда. Иш аяктагандан кийин бир жылдын ичинде тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү ишке ашырылат.

Министрлер кабинетинин башчысы курулуш иштерин өз убагында сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.