Бишкек шаардык кеңеши тарашы мүмкүн

Бишкек шаардык кеңеши өзүн өзү таратышы мүмкүн. Бүгүн, 29-февралда боло турган жыйындын күн тартибинде өзүн-өзү таратуу маселеси турарын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бул борбордун кеңейишине байланыштуу. Жаңы шаар тургундарынын кызыкчылыгын эске алуу максатында кайра шайлоо дайындалат.

Бишкек шаардык кеңештин учурдагы чакырылышы 2021-жылы шайланган.