Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ильгиз Сарылдык уулу мандатын тапшырды

Бүгүн, 20-декабрда «Социал-демократтар» фракциясынан депутат Сарылдык уулу Ильгиз Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык мандатын тапшырды.

Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында маалымдалгандай, аймактык шайлоо комиссиясы 22-ноябрдагы чечими менен Сарылдык уулу Ильгиздин «Социал-демократтар» фракциясынан депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арызын канааттандырган. Мандат Усубалиев Таалайбек Болотбековичке берилди.