Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Кимдер келди?

Бишкек шаардык башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү буйруктарга калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Молдобасаров Мирлан Камчыбекович Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Ал буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын аркалап келген.

“Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын начальниги болуп Шеримбаев Максат Калыбекович дайындалды.

Жаныкеева Чынара Доктурбековна Октябрь районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Ал кызматка мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрларынын түзүлгөн резервинен дайындалган.