Бишкек шаарынын Октябрь районунун акимине сөгүш жарыяланды

Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Мирлан Эшкожоевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 27-августта борбор калаанын муниципалитетинде биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча коллегия өткөн. «Анын жыйынтыгы боюнча Октябрь районунун башчысына коронавирустук инфекциянын алдын алуу боюнча, калкты маалымдоо жана эмдөө боюнча жетишсиз иштегендиги үчүн сөгүш жарыяланды», — деп билдирди мэрия.