«Бишкекке 5 жылдыздуу мейманкана салуу ниети менен инвесторлор келишти». Президенттин маалымат катчысы Дубайдагы жолугушуу жемишин берип жатат дейт

«Президент Садыр Жапаровдун мурунку президенттердин башын кошуп, ынтымакка алып келгендигинин жыйынтыгы натыйжа бере баштады деп жакшылыкка жоруганыбыз туура болчудай». Мындай жоромолун президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасында жарыялады.
«Өлкөдө ынтымак болсо, туруктуулук дагы бекемделип, инвесторлордун ишенимдүү иш алпаруусу шартталат. Бишкек шаарына ири 5 жылдыздуу мейманкана салуу ниети менен инвесторлор келишти. Өзүңүздөр билгендей, инвесторлор үчүн эң негизги факторлордун бири — бул өлкөдөгө туруктуулук. Март айында мамлекет башчысы 5 жылдыздуу мейманкананын курулушун баштоо үчүн мезгил кутучасын салып, пайдубалын түптөөсү мерчемделүүдө», — деп жазылат анын билдирүүсүндө.

Андан ары маалымат катчы дүйнөлүк бренддеги 5 жылдыздуу мейманканалардын ээлерине, ири ишкерлерге кайрылган. «Келгиле, келип Кыргызстанга 5 жылдыздуу мейманканаларды салгыла. Мамлекет жерди бекер берет, бажы алымдарынан жеңилдиктер берилет, 3-5 жылга чейин салыктан бошотобуз», — деди ал.