Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн парламентинин спикерлери келишти. Кандай тосуп алышты?

Бүгүн жана эртең Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясы өтөт. Ага катышууга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандан делегациялар келишти.

Кечээ, 15-ноябрда Кыргызстанга Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко баштаган делегация келди. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.

Кечээ, 15-ноябрда Кыргызстанга Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова баштаган делегация келди. Сыйлуу конокторду «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.

Бүгүн, 16-ноябрда Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова жана Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян баштаган парламенттик делегациялар Кыргызстанга келишти. Сыйлуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргызстанга Өзбекстандын Олий мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева жана Тажикстандын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали баштаган парламенттик делегациялар келишти.

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргызстанга Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган парламенттик делегация келди. Сыйлуу конокторду «Манас” эл аралык аэропортунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.