Гендердик зомбулукка каршы жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан 16 күндүк бүгүн Бишкекте «Феминисттик демилгелер» коомдук уюмунун жөө жүрүшү менен жыйынтыкталды.
Жөө жүрүшкө чыккандардын катарында Eldana FourEyes аты менен таанымал блогер Эльдана Сатыбалдиева, ырчы Зере Асылбек да болду.
Жыл сайын өлкөдө ар бир төртүнчү аял үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тартат. Быйылкы жылы да абал оңолуп кеткен жок. Тескерисинче, жыл ичинде аялдарга каршы үрөй учурган окуялар катталып жатты. Мисалы Сузактагы үй-бүлөдө күйөөсү жазалоо максатында аялына дөңгөлөктөрдү байлап коюп сабап жаткан видео интернетке тарап, катуу талкуу жаратты. Жаш кыздарды зордуктоо иштери катталды. Кыргыз коомчулугу аялзатын кордоону улантууда. Жарандык активисттердин бүгүнкү жөө жүрүшү ошондой үрөй учурган окуяларга коомчулуктун көңүлүн буруу, гендердик зомбулукту токтотууга арналды.