Бишкекте жаңы оппозиция түзүлгөнү жарыяланды. Курамында кимдер бар?

Бүгүн, 31-мартта Бишкекте Максим Горький атындагы сейил бакта «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» деген аталыштагы жаңы оппозициялык күчтүн түзүлгөнү жарыяланды. Ага Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясатчы Бектур Асанов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка жарандык активисттер, саясий партиялардын өкүлдөрү кирди. Алардын айтымында, жаңы оппозициялык кыймыл бийликтин адилетсиз аракеттерине каршы күрөшөт.

Билдирүүдө жаңы оппозициялык кыймылдын башкы төрт максаты болору айтылды. Алар: демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укуктук системди түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылык менен күрөшүү.