Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды.

Алгач делегациялардын башчыларын тосуп алуу жана сүрөткө түшүү аземи болду. Андан кийин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген жыйыны өтүп, документтерге кол коюлат.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстан Республикасынын премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индия Республикасынын Тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар жана Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани катышууда.

Алар 24-октябрдан тартып Бишкекке учуп келе башташкан. Акыркысы болуп, Тажикстандын өкмөт башчысы бүгүн, 26-октябрда учуп келди.