Бишкекте «Улуттар биримдиги» партиясынын курултайы өттү

Бишкекте «Улуттар биримдиги» партиясынын курултайы өттү. Күн тартибине партиянын саясий кеңешин бекитүү жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүү кирген. 

Күн тартибине ылайык, партиянын тизмесине «Улуттар Биримдиги», «Ар-Намыс», Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы, «Кыргызстан Элдер Шериктештиги» жана башка коомдук бирикмелерден талапкерлер киришти. Курултайга партиянын лидери Мелисбек Мырзакматов, «Ар-Намыстын» лидери Феликс Кулов, НДПКнын лидери Артур Медетбеков жана «Ар-Намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Валерий Диль катышты.