«Тазалыктын» жетекчиси Рыспек Сарпашов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган. «Милдеттерди убактылуу аткаруу директордун орун басары Айдарбек Дыйканбаевге жүктөлдү», — деп айтылат маалыматта.
Сарпашовдун кызматтан кетери буга чейин эле айтылып жаткан, бирок мэрия расмий маалымдай элек болчу.