Болотбек Купешов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Купешов Болотбек Душекович билим берүү жана илим министри ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Болотбек Купешев аталган кызматка өткөн жылдын май айында дайындалган болчу.