Бообек Ажикеевге «генерал-лейтенант» жогорку аскердик наамы ыйгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

«Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык Ажикеев Бообек Эргешевичке “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамы ыйгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Бообек Ажикеев бүгүн, 19-августта 60 жашка чыкты.