БШК 13 шаардын мэрлерин шайлоону дайындады

Бүгүн, 19-майда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Баткен, Жалал-Абад, Сүлүкту, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Исфана, Айдаркен, Кадамжай, Кербен, Шопоков, Кайынды, Кемин, Орловка шаарларынын мэрлерин дайындоо жөнүндө токтомду кабыл алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Жаңы шаардык кеңештер шаардын мэрин шайлайт. 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы аталган шаарларда жарактуу деп табылды. Дагы 12 шаардын АШКларынын протоколдору Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жөнөтүлдү.