Борбордук шайлоо комиссиясы 18 жаранга Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкерлигин тастыктаган күбөлүктөрдү тапшырды. Бул тууралуу supertv.kg сайтына талапкер Равшан Жээнбеков билдирди. Күбөлүктөрдү алууга айрым талапкерлер ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жиберишкен.
Эске салсак, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Учурда президенттик жарышка катышуучу 18 талапкер бар. Дагы бирөө БШКнын чечими менен макул эместигин билдирип сотко кайрылган.