13-февралда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 30-ноябрындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого катышкан №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден жаңыдан аныкталган жагдайларга байланыштуу БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы №161 токтомун кайра карап чыгуу өтүнүчү менен арыз келип түшкөн.
БШК билдирүүнү ар тараптуу жана калыс кароо максатында Ички иштер министрлигине расмий суроо-талап жөнөткөн. ИИМдин маалыматы боюнча, шайлоо укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар шайлоо участкаларында талапкерлердин биринин тарапташтары тарабынан көчмө видеокөзөмөл жабдууларын орнотууга байланыштуу шайлоо мыйзамдарынын айрым бузуу фактылары аныкталган.
Берилген материалдарга ылайык, аныкталган фактылар жеке мүнөзгө ээ жана жалпысынан округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгына уюшкан же массалык таасир эткендигинен кабар бербейт. Текшерүү материалдарында көрсөтүлгөн аракеттер мандаттардын бөлүштүрүлүшүнө таасир эткендиги же шайлоонун анык жыйынтыктарын аныктоого мүмкүнчүлүк бербегендиги тууралуу маалыматтар жок.
Токтом расмий кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.







