БШК Абдыбахаб Боронбаевди мандатынан ажыратып, ордуна Саидбек Зулпуевди каттады

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшыруу үчүн БШКга арыз жазган. Маселе комиссиянын күн тартибине киргизилип, мандатынан ажыратылды.

Анын ордуна депутаттык төш белги менен күбөлүк Саидбек Зулпуевге тапшырылды.

Боронбаев “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат болуп шайланган.