БШК Элдар Абакировду депутат кылып каттады

Бүгүн, 2-февралда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Элдар Абакировду “Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.

Эмил Жамгырчиев мандатын тапшыргандан кийин Абакиров бош турган депутаттык мандатты алды.