БШК Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин мандатын алды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Мындай чечим 22-февралда БШК мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынды.

Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин 6-7-чакырылышынын депутаты болгон. Ал коррупция беренеси боюнча соттолгон, учурда башка кылмыш иши боюнча издөө жарыяланган Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы.

Нурлан Ражабалиев — мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. “Райым миллиондун” коррупция боюнча ишинде ал да айыпталып, мамлекетке 12 миллион сом төккөн. №2 Баткен шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.