БШК Жаныбек Абировдун талапкерлигин каттоодон баш тартты

Бүгүн, 2-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 10-сентябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жаныбек Абировду талапкер кылып каттоодон баш тартты.  Чечим бүгүн жыйында каралып, кабыл алынды.

Токтомдо Жаныбек Абиров мандатын тапшырганы үчүн кайра шайлоо өнөктүгү башталганы, буга байланыштуу ал кайрадан талапкер боло албасы белгиленген.

Өз кезегинде Нуржан Шайлдабекова Абиров БШКнын бул чечимине каршы сотко даттана аларын белгиледи.

Эске салсак, аталган шайлоо округунан депутат болгон Абиров ушул жылдын март айында мандатын тапшырып берген.