БШК Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовго төш белги тапшырды

Бүгүн, 6-апрелде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо жөнүндө (бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча)” БШКнын 4-апрелдеги токтомунун негизинде №29 Свердлов шайлоо округу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовго белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырды.

Бишкектин Свердлов округунда 27-февралда өткөн шайлоодо Абдурахманхажи Муртазалиев жеңишке жеткен. Бирок ал добуш сатып алууга айыпталып, жеңиши жокко чыккан. Мындан улам мандат шайлоодо экинчи орунду алган Шайлообек Атазовго берилген.