БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов отставкага кетүү тууралуу арыз жазды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов отставкага кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салайдин Айдаров билдирди.

Анын айтымында, комитеттин чечими бар. Айдаров Эшимовдун арызын карап, ээлеген кызматынан бошотууну суранды. Аида Касымалиева билдиргендей, Эшимовду кызматтан алуу менен бирге «Кыргызстан» фракциясы анын ордуна башка талапкерди сунуштап жатат.

Эшимов сентябрь айында алдамчылык фактысы боюнча кармалган. УКМК БШКнын мүчөсү арыз ээсинен 2020-жылдын күзүнө белгиленген парламентик шайлоодо жогорудагы партиядан депутаттыкка талапкердин биринчи «бештигине» киргизгени үчүн 550 миң доллар алганын, бирок алар убадасын аткарбай, жабырлануучуга 300 миң долларды кайтарып берип, 250 миң долларды өздөштүрүп алышканын айткан.