«Бул карта оюну эмес. Бул өмүрлөр». Садыр Жапаров пост жазды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда элдин тагдырын жана тарыхын өзгөртүп, 30 жылдан кем убакытта үчүнчү дүйнөдөн биринчиге чыгаруу мүмкүн экенин далилдеген Сингапурдун мурдагы премьер-министри Ли Куан Юнун жүз жылдык мааракеси экенин айтып, соцтармактагы баракчасына пост жазды.

«Сингапурдун башчысы ким болбосун, ал күчтүү эркке ээ болушу кажет же багынышы керек.  Бул карта оюну эмес. Бул өмүрлөр: силердин жана менин. Бул мамлекетти курууда мен бүт өмүрүмдү арнадым, анан аны кыйратууга эч кимге жол бербөөгө да жооптуумун». Ли Куан Ю (16/09/1923 — 23/03/2015)

Бүгүн, 16-сентябрда, элдин тагдырын жана тарыхын өзгөртүп, 30 жылдан кем убакытта үчүнчү дүйнөдөн биринчиге чыгаруу мүмкүн экенин далилдеген Ли Куан Юнун жүз жылдык мааракеси. Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы 30 жылын оңой эмес сабак алууга короттук. Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы. Анан бул иште бизге жолтоо болгондор эсинен чыгарбасын:

«Бул карта оюну эмес. Бул өмүрлөр: силердин жана менин…», — деп жазылат постто.